Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 27-декабры № 100
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу “№13 Коргол атындагы орто билим берүүчү мектебинин каалга, терезелерин алмаштыруу” долбоордук сунуштарын колдоо жөнүндө.
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелөөчү жумушчу топтун жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“№13 Коргол атындагы орто билим берүүчү мектебинин каалга, терезелерин алмаштыруу” жөнүндөгү долбоор жактырылсын.
2. Долбоорду ишке ашурууда өздүк салымдын өлчөмү 350000 (үч жүз элүү миң) сом болуп бекитилсин жана 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды аткаруу жагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнун башчысы Чороев Илиязбк Калнбаевичке жана демилгелөөчү жумушчу топко жүктөлсүн.Алар өз ишинде Үлүштүк(дем берүүчү) гранттын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы жетекчиликке алышсын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы | О.Көксариев |
|