Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 102
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө жер салыктарын жогорулатуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337 статьясынын 6 пунктуна ылайык айылдык кенештин депутаттары Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган салык базасынын ставкаларын жердин сапатын аныктоо менен 3 эсеге чейин көтөрүүгө акылуу экендиги белгиленген.Ошондуктан, Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин сессиясынын кароосуна талкууга койуп айыл чарба жерине төмөнкүдөй жогорулатуу сунушталат.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө 1 га сугат жердин ставкасы 239 сом болуп, бул сумманы инфляция коэффициенти 1,034 көбөйтүү менен 241 сом 47 тыйындан эсептелүүдө.1га жер салыгы инфляция коэффицентин кошкондо 300 сом болсо бюждетке бир азда болсо кошумча киреше болот. 1 га насос менен сугарылган жердин ставкасы 62,30 сом.Бул жер салыгынын инфляция коэффицентин кошкондо 100 сомго көтөрсөк.Жайыт салыгы 2016-жылы 6,45 сомдон 9,96 сомго көтөрүлгөн.Бул сумманы жайыт салыгынын толук ставкасы болгон 12 сом 45 тыйын болсо деп пландаштырылууда. Ушул базалык ставканы көтөрүү менен жергиликтүү бюджетке айыл чарба жеринен 44400 сом жайыттан 115600 жалпы суммасы 160000 сом акча каражатын табабыз.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Масирбаев Урматбек Токтобековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Агын суу менен сугарылган жердин жер салыгы ифляция коэффицентин кошкондо 1 га жерге 300 сомдон болсун деп бекитилсин.
2.Насос менен сугарыла турган жердин салыгы ифляция коэффицентин кошкондо 1 га жерге 100 сомдон болсун деп бекитилсин.
3.Жайыт салыгы базалык ставкага толукталып ифляция коэффицентин кошкондо 12 сом 45 тыйын деп бекитилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын
5.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы | О.Көксариев |
|