Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 104
“Таза аймак” муниципалдык ишканасынын Чоң-Арык айылындагы таза суусунун “Сафира” ЖЧКсы тарабынан бүткөрүлүп жаткан иштери жөнүндө.
“Таза аймак” муниципалдык таза суусунун Чоң-Арык айылында “Сафира” ЖЧКсы тарабынан бүткөрүлүп жаткан иштери жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Жумалиева Анаржан Карагозуевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын таза суусунун ремонт иштерин жүргүзүп жаткан Чоң-Арык айылында “Сафира” ЖЧКсынын иши талапка жооп бербегендиктен жана кечиктирилгендиктен Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн депозиттик счеттогу “Сафира” ЖЧКсынын келишимдик аткарылышынын кепилдик (ГОИД) акчасы 97000 (токсон жети миң) сом акча каражаты Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Таза аймак” муниципалдык ишканасына которулсун.
2. “Таза аймак” муниципалдык ишканасынын таза суусунун ремонт иштерин жүргүзүп жаткан Чоң-Арык айылында “Сафира” ЖЧКсынын иши талапка жооп бербегендиктен жана кечиктирилгендиктен ремонт иштерин бүткөрүү “Таза аймак “ муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Калкты таза суу менен камсыз кылуу иштерин колго алуу айыл башчыларга ,көзөмөлдөп иш алып баруу айыл өкмөт башчсысына тапшырылсын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы | О.Көксариев |
|