Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-февралы № 01
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 2019-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы аткарылган иштер жөнүндө бир жылдык отчетун берди.
Б.Болгонбековдун отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 2019-жыл ичинде аткарган иштери жалпысынан канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Төмөндөгүлөр аткарууга алынсын:
1) Сырттан инвестиция тартуу көрсөткүчтөрүнүн төмөндөп кеткендиги баса белгиленсин;
2) Сырткы донорлор менен активдүү иштерди жүргүзүү үчүн долбоорлор өз убагында даярдалсын;
3) сессиянын жүрүшүндө айтылган сын-пикир, сунуштарды аткаруу боюнча атайын иш-чара түзүлсүн, кызматкерлердин иш милдеттери так бөлүштүрүлүп, жогорку жоопкерчиликте иштер жүргүзүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н. Жусупахунов |
|