Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-февралы № 5
01.01.2020 - жылга карата Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын каражат эсебинде калган акча каражатынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана Бюджеттик Кодексине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын билдирүү, маалыматтарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэриясынын негизги жана атайын эсебинде калган акча каражатынын 01.01.2020-жылга карата калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө маалымат, билдирүүлөр эске алынсын.
2. Жыл башында жалпы 4115,7 миң сом, анын ичинен негизги эсептен калдык 3897,8 миң сом жана атайын каражат эсебинен калдык 217, 9 миң сом калгандыгы белгиленсин жана алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын.
Негизги эсептен калдык: 3897,8 миң сом, анын ичинен:
Мэриянын аппаратына
Жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акы үчүн
Статья 2111 – 376,9 миң сом
Статья 2121 – 65,0 миң сом
Статья 3111 -3000,0 миң сом – мэриянын имаратынын 3-кабатын курууга
Статья 2215 -194,0 миң сом – резервдик рота үчүн
Статья 2215 -96,0 миң сом - ит атууга
Статья 2215-44,6 миң сом –жылытуу системасын тейлөөгө
Шаардык кеңештин аппаратына
Жылдын жыйынтыгы менен кызматкерлерге сый акы үчүн
Статья 2111 – 103,4 миң сом
Статья 2121 -17,9 миң сом
Атайын эсептен калдык : 217,9 миң сом, анын ичинен:
Балдар бакчаларына
Статья 3112- 123,6 миң сом - “Достук” балдар бакчасына жабдууларды сатып алууга
Мэриянын аппаратына
Статья 2221 -94,3 миң сом – учурдагы оңдоп түзөө иштерине
3. Бул токтомдун аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н. Жусупахунов |
|