Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-февралы № 08
Токтогул шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн тариф боюнча 19.01.2018-жылдагы № 145 токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык жана жаңы таштанды төгүлүүчү жайдын калктуу конуштан алыс аралыкта жайгашкандыгына байланыштуу, шаар аймагында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруусу үчүн белгиленген тарифке өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасы тарабынан 16.01.2020-жылы болуп өткөн элдик жыйналышка сунушталган. Элдин сунуш пикирлери эске алынып, муниципалдык ишкананын жетекчиси А.Маранбаевдин кайрылуу каты Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралган.
Сунушталган тарифтин өлчөмү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын чечиминин негизинде Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 145 токтомунун 1-таблицасы ушул токтомдун тиркемеси менен алмаштырылсын.
2. Жаңыланып бекитилген тариф боюнча төмөндөгүлөр эске алынсын:
- таштанды ташып чыгаруу үчүн жашоочулардан ай сайын 15 (он беш ) сомдон төлөм чогултулсун;
- ар бир жашоочуга 5 (беш) сомдон (тарифтик төлөмдүн айырмасы) кошумча төлөм жергиликтүү бюджеттен төлөнүп берилсин;
- шаар аймагындагы кожолуктардагы үй бүлө мүчөлөрү такталып, үй ээлери менен эки тараптуу келишимдер түзүлсүн, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
- абоненттик база түзулүп, биллинг системасы менен иштөө камсыздалсын;
3. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директоруна жүктөлсүн (А.К.Маранбаев).
4. Аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) жана тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 145 токтомунун 1-таблицасы күчүн жоготту деп табылсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н. Жусупахунов |
|
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII
чакырылышынын 07.02.2020-жылдагы
кезектеги XX сессиясынын
№ 08 токтому менен бекитилди
Тиркеме
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бекитилген
тарифтин өлчөмү
№ | Статьялардын аталышы | Ченем бирдиги | Сумма, сом |
1м3 катуу тиричилик калдыгын чыгаруу боюнча эсептөөлөр | |||
1 | Күйүүчү майлар | сом | 56 |
2 | Эмгек акы | сом | 187,85 |
3 | Соц.камсыздандыруу төлөмү | сом | 39,15 |
4 | Бөлүмдүк чыгымдар | сом | 3 |
5 | Техникаларды ондоого кеткен чыгымдар, запастык бөлүк | сом | 8 |
6 | Жалпы чарбалык чыгымдар | сом | 18 |
7 | Амортизациялык чыгым | сом | 8 |
8 | Жалпы чыгым | сом | 320 |
9 | Чогулган пайда | сом | 3 |
10 | Жалпы 1 м3 катуу тиричилик калдыгын ташып чыгарууга эсептелинген баа | сом | 323 |
1м3 көлөмдөгү катуу тиричилик калдыгын ташып кетүүгө бекитилген 323 сомго негизделип эсептелинген тарифтик төлөмдөр | |||
№ | Мазмуну | Ченем бирдиги | Сумма / ай сайын |
1 | Шаар аймагындагы ар бир физикалык жак (жашоочу) үчүн | 20 сом | |
2 | Юридикалык жактар үчүн (мекеме, ишканаларга) | 1м3 | 323 сом |
3 | Азык-түлүк, жашылча сатуучулар үчүн (ээлеген аянтына жараша) | 1м2 | 4 сом |
4 | Оюнчук, кийим-кече, чарбалык товарлар, үй-тиричилик жабдуулар, эмеректер, жана башка сатуучулар, тамак-аш сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү жайлар үчүн (ээлеген аянтына жараша) | 1м2 | 2 сом |
Төрага: | М.Н.Жусупахунов |