Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 07-февралы № 10
Токтогул шаарындагы муниципалдык имаратты Токтогул шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 11.07.2019-жылдагы катынын негизинде, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы 09.10.2019-жылдагы № 1373, 13.11.2019-жылдагы № 1531, 05.02.2020-жылдагы № 180 каттары менен муниципалдык менчиктеги, көп жылдан бери Токтогул шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын пайдалануусундагы имаратты бул башкармалыкка мөөнөтсүз пайдаланууга берүү боюнча сунуштарын берген.
Себеби КР Президентинин 2019-жылды “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгын жүзөгө ашыруу үчүн Токтогул архитектура башкармалыгында бирдиктүү терезе аркылуу кызмат көрсөтүү зарылчылыгы келип чыккан.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, жогорудагы сунуштарды, жергиликтүү жашоочулардын кызмат алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу, аларга ыңгайлуу шарт түзүү маселелерин карап, башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Жайыловдун Токтогул району боюнча жалпы жашоочуларга архитектура жана курулуш куруу багытында кызмат алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу, аларга ыңгайлуу шарт түзүү боюнча сунуштары эске алынсын.
2. Токтогул шаарынын Т.Шабданов көчөсүндөгү № 2/3 имаратты ( Мамлекеттик акт серия Б, № 036152, идентификациялык номери 3-07-01-1001-3484, жер аянты 485,86 м2) Токтогул шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына мөөнөтсүз пайданууга берүү үчүн төмөндөгү баасы жалпы 500 000 ( беш жүз миң) сомго баалангандыгы жана төмөндөгү тартипте төлөнө тургандыгы белгиленсин:
Токтогул шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы төмөндөгү өлчөмдө акча каражатын төлөөгө милдеттенет:
250 000 (эки жүз элүү миң)сом мэриянын атайын каражат эсебине накталай которуу жолу менен төлөйт;
250 000 (эки жүз элүү миң)сомго мэриянын ар кандай долбоорлор, эсептөөлөр үчүн кызмат көрсөтөт;
3. Атайын каражат эсебине накталай которуу жолу менен түшкөн 250 000 миң сом акча каражаты “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына гараж куруу үчүн жумшалсын.
4. Токтогул райондук мамлекеттик администациясынын 05.02.2020-жылдагы № 180 катынын негизинде атайын эсеп акча каражатынын эсебинен 1000 000 (бир миллион) сом гараж курууга кошумча бөлдүрүп берүү жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
6. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н. Жусупахунов |
|