Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 3
Жаны-Жол айыл аймагындагы Комсомол айылын ичүүчү таза суу менен камсыздоодо жаралган тосколдуктарды жоюуу жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кара-Тектир айылын жана Кара-Булак, Төрт-Там, Уй сарай участкалары Ислам өнүктүрүү банкынан каржыланган “Ала-Тоо булагы” долбору аркылуу ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча Живпром учсаткасынан Комсомол айылына чейинки Бишкек-Ош автоунаа жолу боюнан суу түтүктөрдү өткөрүү боюнча бекитилген чиймеге ылайык жаралып жаткан тоскоолдуктарды жоюуу максатында Айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Живпром учсаткасынан Комсомол айылына чейинки Бишкек-Ош автоунаа жолу боюнан суу түтүктөрдү өткөрүүдө жаралган тоскоолдуктарды жоюуу максатында, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия курамы түзүлсүн.
2. Бекитилген чиймеге ылайык тоскоолдук жараткан бак-дарактар кыйылсын.
3. Бекитилген чиймеге ылайык туш келип калган жерелердин менчик ээлерин тактап берүү жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жер адиси Д.Маткеримовго жүктөлсүн.
4. Кыйылган бак-дарактар социалдык шарты оор болгон жарандарга, кары-картаңдарга жана башка муктаж жарандарга берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Өзүбеков |
|