Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 5
Комсомол айылынын Бишкек-Ош автоунаа жолунун боюндагы мечиттен түндүк чыгышты карай жайгашкан аты жок көчөчгө маркум Керимбаев Кушубектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык Кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 3-февралдагы № 1 чечими эске алынсын (Чечим тиркелет).
2. Комсомол айылынын Бишкек-Ош автоунаа жолунун боюндагы мечиттен түндүк чыгышты карай жайгашкан аты жок көчөчгө маркум Керимбаев Кушубектин ысымы ыйгарылсын.
3. Керимбаев Кушубектин ысымы коюлган көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жагы маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Өзүбеков |
|