Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 6
Жаны-Жол айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдердик курамдарына жамааттардын атынан көрсөтүлгөн талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комисиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2019-жылдын 6-ноябрындагы №176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун талаптарынын негизинде, Жаңы-Жол айыл аймагындагы шайлоочулардын жана башка уюмдарынынын чогулуштарынын жыйынтыгында участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлер айылдык кеңештин каттоосуна алынган.
Алардын арыздарын жана башка тиешелүү документтерин карап жана талкуулап айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жол айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына төмөндө көрсөтүлгөн сандагы жарандардын талапкерлерлиги тиркемеге ылайык сунушталсын.
1) 2224 Кара-Тектир шайлоо участкасына 21(жыйырма бир) талапкер,
2) 2225 Кызыл-Туу шайлоо участкасына 16 (он алты) талапкер,
3) 2226 Бала-Чычкан шайлоо участкасына 19 (он тогуз) талапкер,
4) 2227 Жаны-Жол шайлоо участкасына 15 (он беш) талапкер,
5) 2228 Кара-Суу шайлоо участкасына 16 (он алты) талапкер,
6) 2419 Арал шайлоо участкасына 13 (он үч) талапкер.
2. Сунушталган талапкерлердин докуменнтерин Токтогулл аймактык шайлоо комиссиясына берүү жагы жооптуу катчы А. Абдывалы кызына жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Өзүбеков |
|