Редакцияот 11.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги XXXIVсессиясы

 

2020-жылдын 11-февралы № 7

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Жаңы-Жол айылөкмөтүнүн башчысы Тойгонбаев Эркинбек Абаскановичтин 2019-жыл ичи жүргүзгөн мыкты иштерин баалап, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIVсессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жаңы-Жол айылөкмөтүнүн башчысы Тойгонбаев Эркинбек Абаскановичке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасын” ыйгаруу жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагын өзүмө калтырамын.

3.    Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Т.Өзүбеков