ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы
2020-жылдын 11-февралы № 8
“Деко” муниципалдык ишканасына техника сатып алуу жөнүндө
Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып Жаны-Жол айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айылдык кеңешинин экономика, план бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын 10.02.2020-жылдын №2 чечиминин негизинде “Деко” муниципалдык ишанасынына эксковатор техникасын сатып алууга долобоордук сунушу жактырылсын.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салым, (тартылган каражат 5865000 сом) 15% 879750 сом. Долбоор ишке ашып калса жергиликтүү бюджетен каржылоо жагы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч.Култаевага милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жаңы-Жол айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Т.Өзүбеков |
|