Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 52
"Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан бөлүнгөн 2000,0(эки млн )сом акча каражатын жумшоо жөнүндө"
Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын
Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан бөлүнгөн 2000,0(эки млн.) сомдун 500,0 (беш жүз миң)сом акча каражаты Бел-Алды айыл аймагындагы Сары-Сөгөт айылындагы эскилиги жеткен Тейлөө үйүнүн керектелүүчү документация иштерин бүткөрүүгө жумшалсын.
2. Тейлөө үйүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу кайрадан оңдоп түзөө иштерине 1500,0(бир млн беш жүз миң) сом акча каражаты жумшалсын.
3. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатын жумшоону көзөмөлдөө жагы Бюджет жана каржы комитетине тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|