Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 56
“Кызматтын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматтын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2.Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитилген келишимдерге ылайык кызматтын маалыматтык системаларын ишке ашырууда бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдо көрсөтүлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жана иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Кадыралиевага тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
5.Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|