Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № 57
“200,0 (эки жүз миң)сом акча каражатын жумшоо жөнүндө”
Бел-Алды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 3-декабрь №458-б буйругунун негизинде билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХVIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бел-Алды айылына аккыя жолун ондоо үчун «2214» беренесинен 48,0 миң сом, Муса-Кожо көчөсүнө жарыктандыруу орнотуу үчүн «3112» беренесине 22,0 миң сом, ГСВ-9на ар кандай чыгымына «2215» беренесине 20,0 миң сом, айыл өкмотүнүн кызматтык авто машинасына бензин алуу үчүн «2214» беренесине 10,0 миң сом,Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жыл ичинде карыз болгон компьютердик кызматтарга «2222» беренесине 20,0 миң сом,Бел-Алды айылына ФАП куруу учун АПУ,ИТУ документ иштерин бүткөрүүгө «3111» беренесине 13,6 миң сом, Коргон айылынын ФАПынын документин жасатууга «3111»беренесине 15,0 миң сом, Тейлөө үйүнө документ жасатуу үчун «3111» беренесине 25,0 миң сом, жеңилдиктер «2721» беренесине 26,4 сом бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражаттарын которуп берүү ФЭБ башчысы Ж.Сартовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
4. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|