Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 60
«Бел-Алды айыл аймагында ысырапкорчулукту алдын алуу жана кыскартуу жөнүндө»
Бел-Алды айыл аймагында жамандыктарда ысырапкорчулукту алдын алуу жана кыскартуу боюнча элдик жыйындардагы элдин пикирин эске алып Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын ХХХсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2020-жылдын 1-январынан баштап Бел-Алды айыл аймагында ысырапкорчулукту алдын алуу жана кыскартуу боюнча төмөндөгү тартипте иш алынып барылсын:
Маркумду узатууда 1жандыктан 1бодого чейин союлсун.
Жыртыш таркатуу,кийит илүү,кийгизүү жөрөлгөлөрү жоюлсун анын ордуна колдон
келишинче акчалай жардам берүү жагы белгиленсин.
Дасторконго коюла турган жер жемиштерге ,ар кандай даамдарга чектөө коюлсун:
Салаттардын түрлөрүн жасап коюууга тыйуу салынсын.
Куран окуткан жерлерде пакет таратуу жана пакеттерге дасторкондогу даамдардан салып кетүүгө тыюу салынсын.
2. Маркум өлгөндөн кийинки өткөрүлүүчү бейшенбилик,жумалык деген жөрөлгөлөр өткөрүлбөсүн.
3. Маркум өлгөн күнкү жана көмүүдөн кийинки куран окутуу ашына Жаштардын тамакка кирүүсүнө тыйуу салынсын.
Маркумдун кырктыгында,жылдыгында,ашын белгилөөдө 1жандыктан 2жашка чейинки 1 бододон ашык сойбоо милдеттендирилсин.
4. Маркумдун ашын белгилөөдө улак жана ар кандай спорт оюндарын өткөрүү айыл өкмөтү менен макулдашылсын.
5. Маркумдун кырктыгында,жылдыгында алып барган тасмалга ,пакеттерге даамдарды кайра салып бербөө жагы үй ээсине милдеттендирилсин.
6. Жогорудагы белгиленген тартиптерди бузган айылдын жарандарына
50 000(элүү миң)сом өлчөмдө айып пул салынcын.Айып пулдан түшкөн акча каражаты Айыл өкмөтүнүн өздүк эсебине которулсун.
7. Жогорудагы кабыл алынган токтомду аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаевге милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
9. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|