Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 61
Бел-Алды айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин баа өлчөмдөрүн 2020-жылга көтөрүү жөнүндө»
Бел-Алды айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын кеңейтүү жана жергиликтүү бюджеттеринин кирешелерин көбөйтүү максатында КРнын салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүгүнүн негизинде
Бел-Алды айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин баа өлчомдорүн көтөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.КРнын салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүгүнүн негизинде Бел-Алды айыл өкмөтүнүн айыл чарба жер салыгынын ставкасы негизги ставкадан 100%ге же бир жолку көтөрүлгөндөн кийинки баа өлчөмүнөн 0,10% көтөрүлсүн..
2.Суугат жер 239сом,кайрак жер 62сом 30тыйын ,Чабынды жер 30сом 40тыйын,көп жылдык бак 201сом ,жайыт салыгы 12сом 90тыйын жайыт акы 13 сом болуп бекитилсин.
3. Көбөйтүлгөн баа өлчөмү менен эсептеп чыгуу жагыФЭБ башчыга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине тапшырылсын.
5. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|