Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 63
«Бел- Алды айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын билдирүүcүнугуп жана талкуулап
Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын ХХХсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 2248,5атайын каражат 735,3миң сом жалпы кошкондо 2983,8 миң сомго, тендөөчү грант 3494,3миң сомго жалпысы: 6478,1миң сомго бекитилсин.
2. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 6478,1 миң сомго ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн резердик фондусуна 2020-жылга жалпы бюджеттин көлөмүнүн 1%ти 64,7 миң сом бекитилсин .
4. Бел-Алды айылдык кенешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администратция жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин
5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин
2013-жылдын 15-январындагы №04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтуу бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин узгултуксуз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторуна милдеттендирилсин.
6. Айылдык Кенештин сессиясына уюштуруу туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга ж.б кетүүчү чыгымдарын жергиликтүү бюджетте айыл өкмөттө каралган статьялардан жумшалсын.
7. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Сартовага милдеттендирилсин.
8. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|