Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 64
“ М.А.Сатымкуловдун арызын канаттандыруу жөнүндө”
Бел-Алды суусунун Бузурмандын көпүрөсүнөн Торкент-Сары-Сөгөт жолуна чейинки аралыкта 2,5га жер аянтын чакан ГЭС куруу жөнүндө “ М.А.Сатымкуловдун арызын карап жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын ХХХсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.А.Сатымкуловдун арызынын негизинде Бел-Алды суусунун Бузурмандын көпүрөсүнөн Торкент-Сары-Сөгөт жолуна чейинки аралыктан 2,5га жер аянтына
чакан ГЭС курууга макулдук берилсин.
2. Арызда көрсөтүлгөн жер аянтын чектеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ч.Сманбековго милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чакан ГЭСкуруу боюнча жана жерге ээлик кылуучу документтерди даярдоо жагы М.А.Сатымкуловго милдеттендирилсин.
4. Чегерилген жер аянтына төлөнүүчү жер салыктарын өз убагында төлөө арыз ээси М.А.Сатымкуловго жүктөлсүн.
5. Жогоруда белгиленген максаттардан башка максаттарга пайдаланылса ,кайра артка кайтарылып алынсын.
6. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|