Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 65
“ М.А.Сатымкуловдун арызын канаттандыруу жөнүндө”
Боор-Теке суусунун боюндагы Кашка-Суу жайлоосунун Түтүн-Чыкма жер тилкесиндеги шаркыратманын боюнан 2,5га жер аянтына чакан ГЭС куруу жөнүндө “М.А.Сатымкуловдун арызын карап жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын ХХХсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.А.Сатымкуловдун арызынын негизинде Боор-Теке суусунун боюндагы Кашка-Суу жайлоосунун Түтүн-Чыкма жер тилкесиндеги шаркыратманын боюнан 2,5га жер аянтына чакан ГЭС курууга макулдук берилсин.
2. Арызда көрсөтүлгөн жер аянтын чектеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ч.Сманбековго милдеттендирилсин.
3 .Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чакан ГЭСкуруу боюнча жана жерге ээлик кылуучу документтерди даярдоо жагы М.А.Сатымкуловго милдеттендирилсин.
4. Чегерилген жер аянтына төлөнүүчү жер салыктарын өз убагында төлөө арыз ээси М.А.Сатымкуловго жүктөлсүн.
5. Жогоруда белгиленген максаттардан башка максаттарга пайдаланылса ,кайра артка кайтарылып алынсын.
6. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|