Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 66
“Орто-Жон,Жаны-Арык,Алма бак жер тилкелерин Кыргыз Республиксынын токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу долбооруна кийрүү жөнүндө”
Бел-Алды айыл аймагынын жалпы жашоочуларынын деградацияга учураган Орто-Жон, куурап жок болгон Алма бак жер тилкелерин, оңдоп түзөөнү талап кылган Жаны-Арык каналы боюнча элдин пикирлерин жана сунуштарын эске алып Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын ХХХсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл аймагынын жалпы жашоочуларынын деградацияга учураган Орто-Жон, куурап жок болгон Алма бак , оңдону талап кылган Жаны-Арык каналын калыбына келтирүугө макулдук берилсин.
2.Арызда көрсөтүлгөн жер аянттарын чектеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ч.Сманбековго милдеттендирилсин.
3.Долбоорлорго керектуу документация иштерин даярдоо жана иш алып баруу Бел-Алды муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Ракаевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|