Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы № 2
“Ж. Ташболотовдун арызын канаттандыруу жөнүндө”
Торкент-Толук авто жолундагы Бел-Алды суусуна курулган көпүрөнүн чыгыш тарабындагы суу ташкынынан жабыркаган жерден 1,20 жер аянтын көрктөндүрүү, калыбына келтирүү жана балык чарбасын уюштуруп тиешелүү жумуш орундарын түзүү жөнүндөгү “К.Ж.Ташболотовдун арызын карап жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Ж.Ташболотовдун арызынын негизинде Торкент-Толук авто жолундагы Бел-Алды суусуна курулган көпүрөнүн чыгыш тарабындагы суу ташкынынан жабыркаган жерден 1,20 жер аянтын көрктөндүрүү, калыбына келтирүү жана балык чарбасын уюштуруп тиешелүү жумуш орундарын түзүүгө макулдук берилсин.
2.Арызда көрсөтүлгөн жер аянтын чектеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ч.Сманбековго милдеттендирилсин.
3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде көрктөндүрүү,калыбына келтирүү балык чарбасын уюштуруу боюнча жана жерге ээлик кылуучу документтерди даярдоо жагы К.Ж.Ташболотовго милдеттендирилсин.
4.Чегерилген жер аянтына төлөнүүчү жер салыктарын өз убагында төлөө арыз ээси К.Ж.Ташболотовго жүктөлсүн.
5.Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянты белгиленген максаттардан башка максаттарга пайдаланылса ,кайра артка кайтарылып алынсын.
6.Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
7.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|