Редакцияот 20.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Бел-Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын Кезектеги ХХХI сессиясы

 

2020-жылдын 20-январы № 3

“ Жайыт кеңешинин төрагасы У.Маралбаевдин 2019-жылдагы аткарган ишине баа берүү жана 2020-жылга пландалган бюджетин, 2020-жылга иш мерчемин бекитүү жөнүндө”

 Жайыт кеңешинин төрагасы У.Маралбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап

Бел -Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт кеңешинин төрагасы У.Маралбаевдин 2019-жылда аткарган иштери боюнча берилген маалыматы айрым сунуш-пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Жайыт кеңешинин 2020-жылга түзүлгөн иш мерчеми бекитилсин.

3. Жайыт кеңешинин 2020-жылга бюджетинин көлөмү жайыт акыга 267881,87(эки жүз алтымыш жети миң сегиз жүз сексен бир сом ,сексен жети тыйын)

Жайыттын жер салыгы 266103,36(эки жүз алтымыш алты миң бир жүз үч сом, отуз алты тыйын) жалпы 533985,23(беш жүз отуз үч миң тогуз жүз сексен беш сом ,жыйырма үч тыйын) болуп бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы Ж.Сартовага жүктөлсүн.

3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Айылдык кенешинин төрагасы:

Ж.Боромбаев