Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-январы №4
“ Бел-Алды участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлерди Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына сунуштоо жөнүндө”
Бел-Алды айыл өкмөтунүн жооптуу катчысы Э.Кадыралиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Бел -Алды айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын 19-беренесинин 5- бөлүгүнө ылайык ,Бел-Алды жана жамгырканов участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкердин жана резервдин тизмеси толугу менен бекитилсин..
2. Бел-Алды жана Жамгырканов участкалык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүлгөн талапкердин жана резервдин тизмеси Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|