Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
2020-жылдын 20-январы №5
“Коргон айылындагы Т. Назакеева атындагы башталгыч мектебинин жанына кошумча корпус куруу жөнүндө”
Долбоорлор боюнча иш алып баруучу Сманбеков Чолпонбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл өкмөтүнө караштуу Коргон айылындагы Т. Назакеева атындагы башталгыч мектебинин жанына кошумча корпус куруу иштерин баштоо жана тиешелүү кагаз иштерин бүткөрүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Тиешелүү документ иштерин бүткөрүүдө буйрук чыгарып, мыйзамдуу иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Багымбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кенешинин төрагасы: | Ж.Боромбаев |
|