Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры № 1
Могол айыл аймагындагы социалдык обьектилердин объектердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы жөнүндѳ
Могол айыл аймагындагы социалдык обьектилердин объектердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы жөнүндө саламаттыкты сактоо, билим берүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Эрмековдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII- чакырылышын кезексиз XVII -сессиясы
Токтом кылат:
1. Могол айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык обьектилердин объектердин учурдагы оңдоодон чыгарылышы жана кышка даярдыгы «канаттандырарлык» деп табылсын.
2. Мектептердеги айрым кемчилдиктерди жоюу, мектептердин керектелүүчү чыгымдарын камсыздалышын көзөмөлдөө жана талапка ылайык иш алып баруу мектеп директорлоруна жана китепкана башчыларына милдеттендирилсин.
3. Мектептердеги жана бала бакчаларда аныкталган кемчиликтерди кетиргендиги үчүн белгиленген айрым жетекчилерге тартиптик чара кѳрүү боюнча райондук билим берүү бѳлүмүнѳ сунуш берүү айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
4. Билим берүү мекемелеринин жана башка социалдык мекемелердин алдындагы кургап калган дарактарды жана балдарга жана кызматкерлерге кооптуулук жаратып жаткан дарактарды кыйдыруу айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Турдукуловко жүктөлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|