Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №3
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүү жөнүндө.
2013-жылдын 9-июлундагы №127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүү жөнүндө» токтомуна жана 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергидиктүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасын бекитүү жѳнүндѳ” токтомуна ылайык Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХVII–сессиясы токтом кылат:
1. 2013-жылдын 9-июлундагы №127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» 203935
2. ынын негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигинин Базар-Коргон райондук Эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармалыгы менен Могол айыл өкмөтүнүн ортосундагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө түзүлгөн эмгек келишими бекитилсин.
2. Түзүлгөн эмгек келишимдин негизинде тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|