Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №5
Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ Палатасынын 2019-жылдын 1-октябрындагы №1-12/503-катын кароо
Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ Палатасынын 2019-жылдын 1-октябрындагы №1-12/503-катынын негизинде Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХVII–сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош, Баткен, Жалал-Абад областары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнѳ жана анын аткарылышына жүргүзүлгѳн аудиттин 2019-жылдын 1-октябрындагы №01-08/124 жазма буйругун жетекчиликке алып аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн Могол айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине тартиптик чара кѳрүлсүн.
2. Могол айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча так иш алып барууну камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|