Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № 1
Могол айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен бөлүнгөн максаттуу трансфертин каржылоо жөнүндө.
Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Укубаеванын билдирүүсүнүн негизинде Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезексиз ХVIII- сессиясы токтом кылат:
1. Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV– сессиясынын №9-токтомун жетекчиликке алып, Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2019-жылдын 16-декабрында Республикалык бюджеттен бөлүнгөн максаттуу трансфертин каржылоо колдоого алынсын.
2. Могол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 70111 бөлүмүнүн чыгаша бөлүгүнүн IV-кварталдагы 2215-статьяга-174,0 миӊ сом, 3111-статьясына-21,0 миӊ сом, 3112-статьясына-5,0 миӊ сом – жалпысы 200,0 мин сом каржылансын.
3. Могол айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын киреше бѳлүгүнүн планы кѳбѳйтүлгѳндүгүнѳ байланыштуу чыгаша бѳлүгүн балансташтыруу максатында 29,9 миң сом акча каражаты 70111 бѳлүмүнүн 3111-статьясына коюлуп каржылансын.
4. Ушул токтомдун негизинде билдирме жазып Базар-Коргон РКБ аркылуу иш жүргүзүү КЭБ башчысы З.Укубаевага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|