Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №2
Могол айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга кабыл алынган иш пландарынын аткарылышынын отчету
Могол айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга кабыл алынган иш пландарынын аткарылышы боюнча Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловдун отчетун угуп жана талкуулап, Могол айылдык Кеңешинин VII –чакырылы-шынын кезектеги XIХ – сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга кабыл алынган иш пландарынын аткарылышы “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Могол айыл Өкмөтүнүн социалдык –экономикалык ѳнүгүү программасына камтылган иш чаралардын так аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Могол айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|