Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жыдын 26-декабры № 3
Ооган-Талаа айылындагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылынын тургундарынын Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу боюнча 2019-жылдын 13-декабрындагы элдик жыйындын №1 токтомунун негизинде Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезектеги ХIХ-сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагынын Ооган-Талаа айылындагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу боюнча 2019-жылдын 13-декабрындагы элдик жыйынынын №1-токтому бекитилсин.
2. Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн Ооган-Талаа айылындагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу долбоорун ишке ашыруу колдоого алынсын.
3. Ооган-Талаа айылындагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн 2800,0 миӊ сом элдик салымы айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылануусу колдоого алынсын.
4. Ооган-Талаа айылындагы Могол айыл ѳкмѳтүнүн жаңы имаратын куруу боюнча долбоорду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын дем берүүчү грант тарабынан каржылоо комиссиясына тапшыруу, долбоорду ишке ашыруу айыл ѳкмѳтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айлдык Кеңештин тѳрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктѳлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|