Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-декабры № 4
Чкалов айылындагы №28 А.Шеркулов атындагы орто мекетебинин чатырын жанылоо жана жылытуу системасын куруу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Могол айыл аймагынын Чкалов айылынын тургундарынын №28 А.Шеркулов орто мектебинин чатырын жаңылоо жана жылытуу системасын куруу боюнча 2019-жылдын 7-октябрындагы элдик жыйындын №1 токтомунун негизинде Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезектеги ХIХ -сессиясы токтом кылат:
1. Могол айыл аймагынын Чкалов айылынын тургундарынын №28 А.Шеркулов орто мектебинин чатырын жаңылоо жана жылытуу системасын куруу боюнча 2019-жылдын 25-сентябрындагы элдик жыйынынын №1-токтому бекитилсин.
2. Могол айылдык Кеӊешинин VII -чакырылышынын кезектеги XIV– сессиясынын №9-токтомун жетекчиликке алып, Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн Чкалов айылындагы №28 А.Шеркулов атындагы орто мектебинин чатырын жаңылоо жана жылытуу системасын куруу долбоорун ишке ашыруу колдоого алынсын.
3. Чкалов айылындагы №28 А.Шеркулов орто мектебинин чатырын жаңылоо жана жылытуу системасын куруу боюнча долбоорду даярдоо жана Жалал-Абад облусунун ѳнүктүрүү Фондуна тапшыруу, долбоорду ишке ашыруу айыл ѳкмѳтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айлдык Кеңештин тѳрагасынын орун басары Р.Юлдашевке жүктѳлсүн.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|