Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №7
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүү жөнүндө.
2013-жылдын 9-июлундагы №127 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды берүү жөнүндө» токтомуна жана 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергидиктүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин кѳлѳмүн эсептѳѳнүн убактылуу методикасын бекитүү жѳнүндѳ” токтомуна ылайык Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIХ–сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктары Могол айыл ѳкмѳтүнѳ ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ келишими бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирсин.
2. кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктары Могол айыл аймагында аткаруу милдети айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Алыбаева Бактыгуль Курманалиевнага бекитилсин.
3. Түзүлгөн эмгек келишимдин негизинде тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү,токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жана аткаруу Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|