Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры №8
Могол айыл аймагынын Кызыл-Суу, Чарбак айлдарын жана Арстанбап айыл аймагынын Гумхана айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан подпроектисин бекитүү жөнүндө
Могол айыл аймагынын Кызыл-Суу, Чарбак айлдарын жана Арстанбап айыл аймагынын Гумхана айылын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбоору боюнча Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIХ–сессиясы токтом кылат:
1. Айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында коомчулукту ѳнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттиги менен Могол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн макулдашуусу жактырылып бекитилсин.
2. Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Могол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тийиштүү жумуштарды алып барсын.
3. Бул токтом www.Mogol.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып мыйзамдуу күчүнѳ кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.
Могол айылдык Кенешинин төрагасы: | Т.Омурзаков |
|