Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын11-июну № 1
Участкалык шайлоо комиссия ачуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамынын 11-беренесинин, 2-бѳлүмүнѳ ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамынын 11-беренесинин 2-бѳлүмүнүн негизинде Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №2185 Сакалды шайлоо участкасынын шайлоочуларынын саны 2500 шайлоочудан ашып кеткендигине байланыштуу Кормоцех кичи айылынын жашоочулары үчүн ѳзүнчѳ шайлоо участкасы уюштурулсун.
2. Шайлоо участканын чек аралары тѳмѳнкүдѳй болуп бекитилсин
Дареги:Сакалды айылынын Кормоцех калктуу конушу , Б.Шерматов кѳчѳсү №23 №48 М.Матсаков орто мектебинин имараты
Чек ара : А.Юсупов кѳчѳсү так сан №1 үйдѳн №25 үйгѳ чейин,жуп сан №2 үйдѳн тартып №24 үйгѳ чейин,Ш.Моложанов кѳчѳсүнүн №58 үйдѳн № 90 үйгѳ чейинки бѳлүгү,Б.Шерматов ,А.Арапбаев ,Р.Шерматов, М.Акматалиев, Мамаш-Ата,А.Жолдошов,Кормоцех кѳчѳлѳрү толугу менен ошондой эле №2186 Кыргызстан шайлоо участкасына камтылып келген Мамаш-Ата-1 кѳчѳсү толугу менен .
3. Токтомду бекитип берүү КРдин Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д. Бекназаров |
|