Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-ноябры № 63
Казарман айылынын тургуну Ж.Шергазиевдин «Чарабай» участкасындагы жер боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Казарман айылынын тургуну Ж.Шергазиевдин арызынын негизинде Каргалык айыл өкмөтүнүн 21-октябрь 2019-жылдагы №723-кайрылуусун жана «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169-токтомуна ылайык, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын “Жер участокторун (трансформацялоо) которуу боюнча” райондук комиссиясынын 08.08.2019-жылдагы №1 корутундусуна таянып, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун негизинде,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын тургуну Ж.Шергазиевдин арызы канааттандырылып, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын “Чарабай” участкасындагы №275 контурундагы 0,60 га (6000) кв.м жер аянты “Жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына (трансформациялоого) которууга макулдук берилсин.
2. Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|