Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-ноябры № 64
Жайыт категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн 14-ноябрь 2019-жылдагы №772-кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айыл аймагынан айыл-кыштакты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169-токтомуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун негизинде,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын «Демилге» участкасынан №143- контурунан жалпы 2,6 га жер аянты жайыт категориясынан калктуу конуштун категориясына которулсун.
2. Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|