КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы
2019-жылдын 27-ноябры № 65
Сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн 14-ноябрь 2019-жылдагы №773-кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айыл аймагынан айыл-кыштакты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512-токтомуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун негизинде,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын «Демилге» участкасынын №123, 124, 128- контурларынан 56 га жана “Ынтымак” участкасынын №137, 140, 144- контурларынан 17,4 га - жалпы 73,4 га жер аянты сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которулсун.
2. Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|