Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-ноябры № 66
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына “Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулу” наамын берүү тууралуу сунушту кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагындагы №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин коллективинин кайрылуусу кароосуз калтырылсын.
2. Мыйзам чегинде документтерин толуктап кайрылуу жагы №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин администрациясына сунушталсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|