Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-ноябры № 67
Казарман айылынын тургуну Байсогуров Ишендин “Ат майданына ат коюу жөнүндөгү ” арызын кароо боюнча
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылынын тургуну Байсогуров Ишендин арызы канааттандырылып, райондук деңгээлде улуттук оюндар өтүүчү ат майданы “Байсогуров Жусупбек атындагы “Кара шумкар” ат майданы” деп аталсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|