Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-ноябры № 68
Каргалык айыл өкмөтүнүн 31.10.2019-жылдагы №747-катын кароо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн 31.10.2019-жылдагы №747 катын кароо жөңүндөгү ФЭБ башчы Е.Кашкариеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруу тармагынын 2212 байланыш беренесинен 102,0 мин сом ,2224 көмур алуу беренесинен 12,2 миң сом , 2721 өзгөчө кырдаалдар беренесинен 60,0 миң сом бекитилген чыгаша бөлүгүнүн планынан кемитилсин.
2. Бала - бакча тармагынын 2215 ар түрдүү беренесинен 15,5 миң сом, 2218 тамак-аш беренесинен 207,6 миң сом, 2224 көмүр алуу беренеден 20,5 миң сом , 3112 жабдууларды алуу беренесинен 94,9 миң сом, 3111 курулуш беренесинен 5,8 миң сом бекитилген чыгаша бөлүгүнүн планынан кемитилсин.
3. Мектеп тармагынын 2215 ар түрдүү беренесинен 11,8 миң сом, 2224 көмүр алуу беренесинен 40,3 миң сом чыгаша бөлүгүнүн планынан кемитилсин.
4. Башкаруу тармагы боюнча 2215 ар түрдүү беренесине 74,1 миң сом, мектеп тармагына 2231 коммуналдык тейлөө үчүн 170 ,0 миң сом, бала- бакча тармагынын 2222 чарбалык чыгымына 10,5 миң сом , 2231 коммуналдык тейлөө үчүн 316,0 миң сом, жалпы 570,6 миң сом акча каражаты чыгаша бөлүгүнүн планына отургузулсун.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|