Загрузка документа…
,
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын27-ноябры № 69
Жогорку Ак-Күп каналынын курулушуна жерлерди трансформациялоо жана бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялаган жарлыгын аткаруу максатында Каргалык айыл аймагында сугат айдоо аянттарын көбөйтүү үчүн жаңы курулуучу Жогорку Ак-Күп каналынын курулушуна мурда түзүлгөн долбоорунда бөлүнгөн жер аянттарына дагы жаңы түзүлгөн долбоорго ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32, 73, 74-беренесинин негизинде, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынан Жогорку Ак-Күп каналынын курулушуна пайдалануу үчүн жаңы түзүлгөн долбоордо көрсөтүлгөн 1-жана 2-тизмектеги жер аянттарынан жалпы 205,3 га жер аянттары «Жайыт» категориясынан «Өнөр жайынын,транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.
2. Жогорку Ак-Күп каналынын курулушуна пайдалануу үчүн жаңы түзүлгөн долбоордо көрсөтүлгөн 1-жана 2-тизмектеги жер аянттарынан жалпы 205,3 га жер аянттары трансформация болгондон кийин, анын ичинен дайыма пайдаланууга 149,2 га жана убактылуу пайдалануу үчүн 56,1 га жер аянттары бөлүнүп берилсин.
3. Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|