Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 73
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу 2021-2022-жылга долбоорун бекитүү боюнча
Каргалык айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Даткаев Ильичбектин Каргалык айыл өкмөтүнүн 2020- жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн жана штат бирдигин бекитүү жөнүндө долбоорун жана Каргалык айыл өкмөт башчысы М.Акматбековдун депутаттардын берген суроолоруна жообун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү жалпы 35961,0 миң сом суммасында, мунун ичинен киреше бөлүгү 35005,5 миң сом, тендештирүүчү гранттардын эсебиндеги 955,5 миң сом жана чыгашалар боюнча 35961,0 миң сом суммасында №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2- тиркемеге ылайык жактырылсын.
2020-жылга 35961,0 мин сом суммасында,
2021-жылга 31081,8 мин сом суммасында,
2022-жылга 30945,0 мин сом суммасында.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3-тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга 35961,0 миң сом суммасында такталган №4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1% 332,8 миң сом суммасы 16.05.2016-жылдагы №60 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 1-бөлүмүнүн 21-беренесине ылайык резервдик фонду бекитилсин.
6. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу башкаруу тармагынын 2020-жылга карата 22 (жыйырма эки) штаттык бирдик түзүмү, маданият тармагынын клуб кызматкерлеринин 3 (үч) штаттык бирдик түзүмү, китепкана кызматкерлеринин 3 (үч) штаттык бирдик түзүмү №5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Айылдык кеңешке жана айыл өкмөткө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде 2020- жылдын бюджетинен акча каражаттары № 6-тиркемеге ылайык бөлүнүп 12680,7 миң сом берилгендиги белгиленсин.
8. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц. фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (электро энергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б.) жүргүзүлсүн.
9. Бюджетте каралып жаткан акча каражаттарын өз мөөнөтүндө кароо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
10. Каргалык айыл өкмөтүнөн 2020 - жылга бюджетине кошумча киреше булактарын табууга жана толуктоого карата Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы иш жүргүзүп жаткан ишканалардан жана акиташ, туз, кызыл кум, шагыл алынуучу карьерлерден мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрү толугу менен такталып, убагында бюджетке түшүрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана салык башчысы Акматова Таалайкүлгө милдеттендирилсин.
11. 2019-жылдын бюджетинен калган калдык акча каражатынын эсебинен жана жетпегени 2020-жылдын кошумча түшө турган акча каражатынан “Саз” учаскасындагы Сагынбаев көчөсүнүн жолдорун бодурлоо иштери жүргүзүлсүн.
12. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
13. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана ФЭБ дин башчысы Э.Кашкариевага жүктөлсүн.
14. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|