Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 74=
Каргалык айыл өкмөтүнүн №848- катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Дем берүүчү (үлүштүк)” гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу”
21.04.2015- жылдагы №230 токтомуна ылайык, Чет-Булак айылынын Чет- Булак көчөсүнө 35 пайыздык, Казарман айылындагы Бердалиев, Мамбетжанов, Акимбаев көчөлөрүн кара шагыл менен бодурлоо долбооруна каржылоого 25 пайыздык өздүк салымын жана Казарман айылынын Жаңыбаева көчөсүн кара шагыл менен бодурлоо долбооруна каржылоого 46 пайыздык өздүк салымын карап берүү боюнча 2020-жылдын бюджетине сунуштоо жөнүндө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн №848- катынын негизинде “Дем берүүчү (үлүштүк)” гранттардын эсебинен Чет-Булак айылынын Чет- Булак көчөсүнүн өздүк салымына 35 пайыз - 1220301,95 миң сом, Казарман айылындагы Бердалиев, Мамбетжанов, Акимбаев көчөлөрүн кара шагыл менен бодурлоо долбооруна каржылоого 25 пайыздык өздүк салымына-919764 миң сом жана Казарман айылынын Жаңыбаева көчөсүн кара шагыл менен бодурлоо долбооруна каржылоого 46 пайыздык өздүк салымына-702501,25 миң сом кароо 2020-жылдын бюджетинин долбооруна киргизилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|