Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылджын 26-декабры № 75
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын 12.11.2019-жылдагы 02-1/987 - катын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына толуктоо киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пунктуна ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамын толуктоо үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жагы Борбордук Шайлоо Комиссиясынан суралсын.
3. Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|