Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 76
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына “Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулу” наамын берүү тууралуу сунушту кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Районубузда билим берүү тармагына кошкон зор салымдары жана педогогикалык кесиптеги көп жылдан берки жетишкен ийгиликтери үчүн Макенбаева Рыскүл, Масиров Шайымбет Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|