Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХIХ сессиясы
2019-жылдын 26-декабры № 78
Евразиялык инвестициялык союзу(ЕИС) аркылуу Каргалык айыл аймагынын жайыттарына жол салуу, жеңил типтеги чабан үйлөрүн куруу жана Казарман айылына мончо салуу боюнча долбоорун бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл аймагынын тургундары: А.А.Апиев, Г.Ж.Байзакова, Б.А.Азыгалиевдердин 24.12.2019-жылдагы кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезектеги ХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразиялык инвестициялык союзу(ЕИС) аркылуу Каргалык айыл аймагынын жайыттарына жол салуу, жеңил типтеги чабан үйлөрүн куруу жана Казарман айылына мончо салуу боюнча долбоору бекитилсин.
2. Долбоор Евразиялык инвестициялык союзуна (ЕИС) сунушталсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Долбоорду ишке ашыруу жагы Каргалык айыл аймагынын тургундары: А.А.Апиев, Г.Ж.Байзакова, Б.А.Азыгалиевдерге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|