Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы№ 3
Каргалык айыл өкмөтүнүн 01.01.2020-жылга карата жергиликтүү бюджеттен калган 3345,8 миң сом калдыгын жана атайын каражаттан калган 117,7 миң сом калдыгын 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө карап жана бекитип берүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруу тармагынан 2111 эмгек акы беренесине 26,7 миң сом, 2121 социалдык төлөмдөргө 4,7 миң сом, 2215 ар кандай чыгымдар беренесине 56,0 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо иштерине 30,0 миң сом, 3111 курулуш беренесине 2857,0 миң сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине 65,0 миң сом, жалпы 3039,4 миң сом, мектептер тармагынан 2221 учурдагы оңдоо иштерине 30,0 миң сом, 2222 чарбалык беренесине 30,0 миң сом, 3111 курулуш беренесине 194,5 миң сом, жалпы 254,5 миң сом, бала-бакча тармагынан 2218 тамак-аш беренесине 0,4 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо иштер беренесине 12,0 миң сом, 3112 машина жабдуу беренесине 17,6 мин сом, жалпы 30,0 миң сом, китепкана тармагына 2215 ар кандай чыгымдар беренесине 22,0 миң сом, тактап айтканда, жалпы 3345,9 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Атайын каражаттын башкаруу тармагынан 2215 беренесине 27, 4 миң сом, бала-бакча тармагынан 2218 тамак-аш боюнча беренесине 90,2 миң сом, таза кызмат муниципалдык ишканасынын ар кандай чыгым 2215 беренесине 0,1 сом, жалпы атайын каражаттан 117,7 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Башкаруу тармагынан 3111 курулуш беренесине каралган 2857,0 миң сом акча каражаттын ичинен А.Сагынбаев көчөсүнүн бодурлоо иштерине 2393,0 миң сом каралганы белгиленсин.
4. Башкаруу тармагынан 3111 курулуштар беренесинде каралган өздүк салымдан үномдөлгөн акча каражаты Казарман айылынын күн батыш тарабына коюлуучу “Аркага” жумшалсын.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|