Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 5
Айыл чарба багытындагы жерлерди бир түрүнөн экинчи түрүнө, жайыттан айдоо аянтына которуу жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн кайрылуусун эске алуу менен жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүү максатында Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын “Шатек" участкасынын №402 контурунан 68,8 га № 403 контурунан 24,4 га жана “Төө булактын асты” участкасынын № 362 контурунан -23,4 га №399 контурунан 70,6 га , “Тагайдын үстү “ участкасындагы № 100 контурунан 92,5 га жалпы 279,7 га жайыт жер аянттары “Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынын бир түрүнөн экинчи түрүнө, жайыттан айдоо аянтына которулсун.
2. Аталган жер тилкелерди “Айыл чарба багытындагы жерлер’’ категориясынын бир түрүнөн экинчи түрүнө, жайыттан айдоо аянтына которуу жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|