Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 6
Чет-Булак айылына турмуш-тиричилик таштанды төгүүчү жай уюштуруу үчүн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн кайрылуусун эске алуу менен жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүү максатында Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1 -пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылынын түндүк тарабынан № 304 контурунан турмуш-тиричилик таштандыларын төгүүчү жай үчүн 0.70 га жайыт жер аянты «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.
2. Аталган жер тилкеси «Айыл чарба багытындагы жерлер»категориясынан «өнөр
жайынын, транспорттун, байланыштын. коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|